Пакистанда кыргызстандык жаранга бөйрөк көчүрүү операциясы жасалды

Кыргызстандын жараны Камбаралы Акылбек уулуна Пакистан Республикасында бөйрөк көчүрүү операциясы ийгиликтүү жүргүзүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда КРнын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Белгилүү болгондой, 2010-жылдан бери КРнын Пакистандагы элчилигинин жардамы менен аталган мамлекетте 24 кыргызстандык жаранга бөйрөк көчүрүү операциясы жүргүзүлгөн. Ал эми Камбаралы Акылбек уулу учурда операциядан кийинки дарылануу курсун алып, мекенге кайтып келүүгө даярданууда. Белгилей кетсек, Камбаралыга өз апасы бөйрөгүн берип, донор болгон.  

Маалымат үчүн айта кетсек, Пакистандын мыйзамы боюнча, бөйрөк көчүрүү операциясына бейтаптын канынын тайпасы дал келген донор болчу жакын тууганы талап кылынат. Пакистанга келген оорулуу толук кандуу медициналык текшерүүдөн өткөрүлүп, кандын дал келүүсүн билүү үчүн анализ тапшырат. Анализдин жыйынтыгы Пакистандын саламаттыкты сактоо органына кароого жөнөтүлөт. Анан ал тарап макулдугун бергенде гана операция жасалат.

Кошумчалай кетсек, Пакистанга жакын адамдарын караганга барган Камбаралынын атасы Акылбек аталган мамлекетке барууга көмөк көрсөткөн элчиликке, ийгиликтүү операция жасаган врач-хирург Рауфга ыраазычылыгын билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан