Кыргызстандагы эң узун адам Жеңишбек Райымбаевге курортто эс алууга акысыз жолдомо берилди. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин Ж.Райымбаев министрликтин Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн реабилитациялоо борборунда акысыз медициналык текшерүүдөн өткөн. Мындан тышкары аталган министрлик ага Ысык-Көлдөгү санаторийлердин биринде дарыланууга мүмкүнчүлүк түзүп берди.
КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Жеңишбек Райымбаев "Гиннесстин рекорддор китебине" дүйнөдөгү эң узун адамдардын бири катары кирген. Анын бою - 2 метр 36 сантиметр.