Ысык-Көл райондук администрациясы документ иштеринин баарын кыргыз тилинде жүргүзүү демилгесин көтөрүүдө. Райондук жетекчилик 2013-жылдын 1-январынан баштап райондун атына келген иш кагаздар мамлекеттик тилде жазылбаса, кайсы мекеме болсо да кайра жөнөтүлүп, анын мамлекеттик тилде жазылышын талап кылууда. Бул тууралуу акимчиликтин басма сөз кызматы билдирди. Акимдин биринчи орун басары Р.Борбукеева 15-январда мектеп мугалимдери, ата-энелер, айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөт башчылары менен болгон жолугушууда аларга мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн зарылдыгын баса белгиледи.