Оштун көпчүлүк абитуриенттери жалпы тестирлөөдө эң төмөн жыйынтык көрсөтүшкөн

Бул жылы Ошто 3 миңден ашуун абитуриент жалпы республикалык тестирлөөдөн өткөн. Бирок тестирлөөнүн жыйынтыгы көңүл жылытарлык болгон жок. Алардын көбү 110 деп белгиленген өтүү упайын да ала алышкан эмес. Бул тууралуу 26-июнда "ВБга" Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, мурдагы жылдарга салыштырмалуу бул жылы абитуриенттер төмөн жыйынтык көрсөтүшкөн. Алардын көпчүлүгү мүмкүн болгон 245 упайдын 90-105 упайын гана ала алышкан. Эң төмөнкү көрсөткүч - 50 упай. Жалгыз гана Диана Кубанычбек кызы ("Ага-хан" мектеби) 220 упай алып, алтын сертификатка ээ болгон.

Эми Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жалпы республикалык тестирлөөдөгү жогорку окуу жайга өтүү упайын төмөндөтөт деген ойдо турушат. Антпесе окуу жайлар студенттерди чогулта албай калышы мүмкүн дешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Lamazhlug
2014-06-26 22:33:42
Оштогу "Себат" жана "Сема" лицейлеричи? Алардан да чыкпадыбы конул жылытаарлык результаттар?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан