Эртең, 27-июнда 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин жана Чүйдүн айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасы билдирди.
Белгилүү болгондой, Бишкектеги Тыныстанов көчөсүнүн №104-үйүндө, Келечек, Ак-Өргөө, Төкөлдөш конуштарынын айрым көчөлөрүндө, Жибек Жолу, Логвиненко, Абаканский, Сухомлинов, Чапаев, Ахунбаев, көчөлөрүндө, Чүйдүн Новониколаевка айылында (Советская, Почтовая, Вокзальная, Киров, Свердлов көчөлөрүндө), Кара-Балтада (Тоголок Молдо, Тельман, Бородачев, Пирогов, Энгельс көчөлөрүндө) электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн.