Бишкекте "коркутуп 40 миң сом акчасын жана алтын буюмдарын тартып алган" деген шек менен 2 жаран кармалды

"24 жаштагы кызга карата күч колдонуп, алтын буюмдарын тартып алган" деген шек менен Бишкек шаарынын 2 тургуну колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 26-июнда билдирди.

Маалыматтарга караганда, 24 жаштагы К.Р. аттуу айым борбор калаадагы №111-бала бакчанын айланасында жүргөн мезгилде белгисиз эки бала коркутуу менен күч колдонуп 40 миң сомго бааланган алтын буюмдарын тартып алышкан.

Ыкчам аракеттердин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары 19 жаштагы Жаныбек жана Эрнис аттуу жарандар кармалышкан.

Иликтөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
WINNER
2014-06-26 21:37:32
Охуу...40000 сомдук алтын буюмду тагынып алып, кечки Бишкекте журуп болобу?! Жакшы озуно тийишпептир. Алгандары анык болсо жазасын алышсын!
+1
Zamirbek_77
2014-06-27 15:14:38
WINNER, туура айтасыз сөзүңүзгө кошулам.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан