Жылнаама, 27-июнь: Мындан 4 жыл мурун Исландияда окшош жыныстуулардын үйлөнүүсүнө уруксат берген мыйзам чыккан

* Мындан 4 жыл мурун, 2010-жылы Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу үчүн элдик референдум өткөрүлгөн. Анда жаңы Конституция кабыл алынып, 2010-жылдын 10-октябрында парламенттик шайлоо өтүп, Кыргызстан Орто Азиядагы жалгыз парламенттик өлкө болуп калган. 
* Мындан 4 жыл мурун, 2010-жылы Исландияда окшош жыныстуулардын үйлөнүүсүнө уруксат берген мыйзам чыккан. Ошол эле күнү аталган өлкөнүн премьер-министри Йоханна Сигурдардоттир алгачкылардан болуп расмий түрдө окшош жыныстуу жарандык никеге турган. 
* Мындан 53 жыл мурун, 1961-жылы жайында казак жазуучусу Мухтар Ауэзов Москвага дарыланууга келип, 27-июнь күнү операция убагында, 63 жаш курагында көз жумган. Ал 1897-жылы 28-сентябрда Семей уездиндеги Чыңгыз болуштугунда (азыркы Чыгыш Казакстан облусу, Абай району) туулган. Жаштайынан орус тилинде окуп, кийин Санкт-Петербург университетинин филология факультетин бүтүргөн. Ташкенттеги Орто Азия университетинде аспирантурада окуп жүргөн кезде “Манас” эпосуна кызыгып, иликтей баштаган. Казак адабиятынын классикасына айланган “Абай жолу”, “Көк серек”, “Енлик-Кебек” жана башка чыгармалардын автору.
27-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан