Парламент жолдорду мыйзамсыз тоскондорду жоопкерчиликке тартуу демилгесин колдоду

Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңеш "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоорун 1-окууда колдоду.

Сунушталган мыйзам долбооруна ылайык, стратегиялык маанидеги жолдорду мыйзамсыз тоскондор жоопкерчиликке тартылат.

Концепцияга ылайык, стратегиялык маанидеги автомобиль жолдорун мыйзамсыз тоскондугу, ошондой эле олуттуу зыян келтиргендиги үчүн администрациялык жоопкерчиликти күчөтүү сунуш кылынат. Ал эми мыйзам долбоору менен кесепеттердин оордугуна жараша эгерде бул жосун 24 сааттан ашык улантылса, стратегиялык маанидеги автомобиль жолун мыйзамсыз тоскондугу үчүн жазык жоопкерчилиги белгиленет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан