Ысык-Көл облусунда жалпы республикалык тестирлөө боюнча 200 балл көрсөткүчтөн 14 окуучу ашты. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда КРнын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 150дөн 200гө чейин баллды 314 окуучу алды. Жалпы облус боюнча аталган тестирлөөгө 4193 окуучу катышкан.
Айта кетсек, бул жылы Ысык-Көл облусунда 4373 окуучу 11-классты аяктады.