Депутаттар мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзам долбоорун колдошту

Жогорку Кеңештин 26-июндагы жалпы жыйынында “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралды.

Мыйзам долбоору саясий кызматтагы адамдардын кеңешчилеринин жана жардамчыларынын административдик мамлекеттик кызматка дайындалуусун мамлекеттик кызматтын негизги принциптерине ылайыкташтыруу максатында иштелип чыккан.

Демилгечи депутаттар депутаттын кеңешчилерин жана жардамчыларын бир жыл иштегенден кийин гана мамлекеттик кызматтарга сынаксыз кабыл алууну сунуш кылышты.  

Аталган мыйзам долбоору 2-окууда колдоого алынды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан