Бишкекте жайгашкан 93 орто мектептин ашканалары кадимки тартипте иштеп жатканын, алар шаардын бюджетинен каржыланарын билдирди мэриянын басма сөз кызматы. Белгилүү болгондой, шаардын Социалдык тамактандыруу департаменти менен мектептердин ашканаларын иштетүүчү кызматкерлердин ортосунда 1-4 жана 5-7-класстын окуучуларын ысык тамак менен камсыздандыруу боюнча келишим бар. Бул келишим жылына эки жолу контракттык негизде түзүлүп турат. Буга ылайык, ашкананын иштетүүчүлөрү өздөрүнүн милдетин так аткаруусу керектигин кошумчалады мэрия.