Судьяларды тандоо кеңеши жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

26-июнда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев “КРнын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө” мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. 2014-жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамда төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр каралат:

- эгерде парламенттик көпчүлүктүн жана парламенттик оппозициянын курамы өзгөрсө, Кеңеш мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын үзгүлтүксүздүгү алардын мөөнөтү аяктагыча уланат деген ченем күчүн жоготту деп табылат;

- кеңеш мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу негиздеринин тизмеси толукталат, мисалы, шайлоо субъекти тарабынан мөөнөтүнөн мурда чакыртып алуу;

- сынактык тандоону өткөрүүнүн тартибин жөнгө салуучу ченем күчүн жоготту деп табылды;

- Судьяларды тандоо боюнча кеңештин судьялардын кызматына талапкерлерди президент жана Жогорку Кеңеш тарабынан кароо тартиби бөлүгүндө ”Республиканын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамга шилтеме жасоочу ченем белгиленет.

Мыйзам “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” КРнын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамы менен бирдикте кабыл алынды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан