Ала-Арча суу сактагычына чөгүп кеткен адамдын жансыз денеси табылды

Аламүдүн районунда Ала-Арча суу сактагычына чөгүп кеткен адамдын жансыз денеси табылды. Бул боюнча ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 27-июнда кабарлады.

Маалым болгондой, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча суу сактагычына Бишкек шаарынын тургуну, 1988-жылы туулган Николай мас абалында сууга түшүп жатып чөгүп кеткен. Издөө иштерине КРнын ӨКМнын Аламүдүн райондук №1-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, 2014-жылдын 26-июнь күнү саат 14:50дө чөгүп кеткен адамдын жансыз денеси суудан табылып, Аламүдүн райондук милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан