Судьяларды тандоонун жол-жоболору өзгөртүлдү

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев “КРнын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 25-июнунда кабыл алынган мыйзам судьяларды тандоо жол-жоболорун өзгөртүүгө багытталган. Ушул максатта конституциялык мыйзамда төмөндөгүлөр каралат:

- сынактык тандоонун ар бир турунан кийин балл (баа) коюу жол-жобосун жоюп, анын ордуна бардык үч турду өткөндөн кийин конкурстук тандоодон өтүү үчүн өтүүчү балл коюу;

- президентке сунуштоо же дайындоо үчүн Судьяларды тандоо боюнча кеңеш сунуштачу талапкерлердин тизмесин кетүү ирети боюнча, конкурстук тандоодон өтүүдө топтогон баллдарына ылайык түзүү;

- президентке Судьяларды тандоо боюнча кеңеш сынактык тандоонун жыйынтыгы менен эң көп балл алган талапкерлерди конкреттүү соттогу бош кызмат орундарына гана сунуштоосу;

- сынактык тандоодон өткөн, бирок президентке сунушталбаган талапкерлерди талапкерлердин тизмесинде калтыруу;

- эгерде талапкердин материалдары президенттен кайтарылып келсе же талапкер Жогорку Кеңеш тарабынан шайланбай калса, Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тизмедеги талапкерлерди кезек тартиби менен, ар бир талапкердин топтогон баллына жараша жана колдонуудагы тартип боюнча сунуштайт;

- эгерде мурда сунушталган талапкерлердин бардыгы дайындалса, же шайланса, же талапкерлерди ушул тизмеден чыгарган учурларда Судьяларды тандоо кеңешинин тизмесин жокко чыгаруу. 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан