Сузакта 5 жаштагы бала сууга чөгүп каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2014-жылдын 26-июнь күнү саат 13:26 чамасында Калмак-Кырчын айылындагы Көк-Арт дарыясына 2009-жылы туулган Искендер аттуу бала чөгүп кеткен. Издөө иштерине КРнын ӨКМнын Сузак райондук өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жана жергиликтүү эл тартылган. 2014-жылдын 26-июнунда саат 20:00дө чөгүп кеткен баланын жансыз денеси жергиликтүү эл тарабынан табылган.