Кыргызстанда баңгизатка көз каранды 9 миңден ашык жаран каттоодо турат. Муну 26-июнда Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берүү менен вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев билдирди. Өкмөт мүчөсү баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү улуттук коопсуздукту камсыз кылуудагы, улуттун ден соолугундагы жана өлкөнүн өнүгүшүндөгү негизги фактор экенин айтат.
"Баңгизатка көз каранды 9 миңден ашык жаран бар, бул расмий маалыматтар гана. Көпчүлүк жарандар баңгизат соодасы менен мыйзамсыз алектенишет",- деди Абдырахманов.
Маалыматка таянсак, 2013-жылдан азыркы учурга чейин Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү тарабынан эле коррупция боюнча 11 фактынын бети ачылыптыр. 13 укук коргоо кызматкери кармалган.
26-июнда баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик координациялык комитеттин 1-жыйыны өттү.