Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан аймагында 20 жаштагы жигит сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 26-июнда саат 14:30дар чамасында Папан суу сактагычына Арал айылынын тургуну, 1994-жылы туулган Адилет Калыс уулу чөгүп кеткен. Аны издөө иштерине ӨКМнын Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 10 куткаруучу тартылып, саат 16:10до чөгүп кеткен адамдын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.