Бүгүн, 27-июнда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев жалпы республикалык тестирлөө сынагында жогорку көрсөткүчтөргө ээ болгон окуучуларды куттуктады.
Өлкө башчы Кыргызстанда ири көлөмдө мунай, газ кору жок экенин белгиледи. “Бизде суу да тартыш. Японияда жана Түштүк Кореяда да ушундай көйгөйлөр бар. Бирок буга карабай булар алдынкы, бай мамлекеттер болуп саналат. Ошондуктан билим берүүгө чоң көңүл бөлүүдөбүз. Айта кетсек, билим берүү тармагына республикалык бюджеттин 20 пайызы бөлүнүүдө. Дүйнөдө бир да өлкөдө мындай жок. Ошондуктан биздин байлыгыбыз – өсүп келе жаткан жаштарыбыз”,- деди Атамбаев.