Кочкор-Жумгал жолунда баратып уктап кеткен айдоочу жол кырсыгына кабылды

Кочкор-Жумгал жолунда баратып уктап кеткен айдоочу жол кырсыгына кабылган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 27-июнда билдирди.

Маалыматтарга караганда, Кочкор-Жумгал автожолунун 35-чакырымынан Ауди-100 үлгүсүндөгү автоунаа жол кырсыгына кабылган. Белгилүү болгондой, унаанын айдоочусу 1978-жылы туулган Талант аттуу жаран автоунаада жалгыз баратып уктап кетип, жолдон чыгып токойго кирип кеткен. Куткаруучулар автоунааны сүйрөп чыгып, бекилип калган эшикти ачып айдоочуну алып чыгышкан жана биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Жабыркаган адамдын абалы жакшы, ооруканага кайрылган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан