"Мурунку маданият министри Ибрагим Жунусов Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп дайындалганы жатат" деген маалымат жалган. Муну бүгүн, 27-июнда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Турдакун Сыдыков SUPER.KG порталына билдирди. Айтымында, бул сөз катардагы ушактардын бири. Президенттик аппараттан мындай маалымат жок экенин билдиришти.
Айта кетсек, айрым маалымат булактары Ибрагим Жунусовду өлкө башчы элчи кылып дайындаганы жатканын жарыялашкан эле.