Жогорку Кеңештин 26-июндагы жыйынында өлкөнүн бардык аймактарын, айрыкча Ош облусун, Ош, Жалал-Абад шаарларын 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилинде жаратылыш газынын тартыштыгына байланыштуу электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жөнүндө токтом кабыл алынды.
Депутаттар Ошко газ берүү токтотулганына байланыштуу Ош, Жалал-Абад шаарларында газ менен электр маселеси курч туруп, жергиликтүү тургундар кыйналып жатканын баса белгилешти. Суук түшкөнгө чейин газ менен жылытылган көптөгөн мештерди отундун башка түрүнө өткөрүү, электр кубатын берүү сапатын көтөрүү зарылдыгы бар экенин айтышты.
Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев Ош облусун, Ош, Жалал-Абад шаарларын кышка даярдоо үчүн керектелүүчү каражат көлөмү алдын ала эсептелип чыкканын билдирди. “Каржы маселеси кийинчерээк дагы такталат. 1-этапта үйдүн 1-кабатында жашагандарды газ баллон менен камсыздоо, 2-кабаттагы тургундарга 2-комфорттуу плитка орнотуу чаралары каралууда”,- дейт министр.