"Бишкек ЖЭБде 57 жылуулук берүүчү буу казаны иштейт. Газ менен - 24, мазут менен - 1, көмүр менен -11 жана электр энергиясы менен 21 буу казан иштейт. Мындай маалыматты Бишкек мэри Иса Өмүркулов бүгүн, 17-январда Япониянын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Ясумаса Иидзима менен жолугушуу учурунда айтты. Өмүркулов учурда Бишкектеги жылуулук энергетикалык борбору жаңыланууга муктаж экенин да кошумчалады. Айта кетсек, бул жолугушууда негизги маселе катары Кыргызстандагы энергетикалык абал талкууланды.