28-июнда Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багында татар менен башкырлардын Сабантуй улуттук майрамы белгиленет. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда Бишкек шаардык мэриясынын коомчулук менен байланышуу башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул майрамда татар, башкыр элинин ыр-бийлери жаңырып, ар кандай оюндар ойнотулат. Ошондой эле катышуучулар Татарстандан келген артисттердин жана бийчилердин өнөрлөрүнө күбө боло алышат. Майрам саат 11:00дө башталат.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 30 миңден ашуун татар улутунун өкүлдөрү жашашат.