"Кызмат абалынан пайдаланган" деген шек менен 7 жылга соттолгон Орус драма театрынын мурдагы башчысы атайын шарт менен эркиндикке чыгарылат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мекемесинин басма сөз кызматы бүгүн, 27-июнда билдирди.
Эске сала кетсек, Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынын мурдагы директору Борис Воробьёв 7 жылга эркинен ажыратылган.
Воробьёв “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, "документтерди, штамптарды, мөөрлөрдү уурдоо, жок кылуу, бүлүндүрүү же катып салуу" сыяктуу беренелер боюнча күнөөлүү деп табылган. Үй-мүлкү конфискацияланып, өзүнө 3 жылга чейин мамлекеттик кызматтарда жетекчилик кызматты аркалоого тыюу салынган.
Бирок Бишкек шаардык соту Воробьёвдун ишин кайра карап чыгып, жаза өтө мөөнөтүн 3 жылга кыскартып, жатак-абакка которгон. Жатак-абакта Воробьёв атайын шартта эркиндикке чыгарылат, бирок Жаза аткаруу кызматынын көзөмөлүндө болуп, белгилүү мөөнөттөрдө келип каттоодон өтүп турат. Ошондой эле аталган театрдын мурдагы башчысына 2 миң сом айып пул төлөө милдеттендирилди.
Эске сала кетсек, 2013-жылдын апрель айында Башкы прокуратура Борис Воробьёвго "кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу", "документтерди, штамптарды, мөөрлөрдү уурдоо, жок кылуу, бүлүндүрүү же катып салуу" жана "кылмыш жолу менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу" беренелери менен кылмыш ишин козгогон болчу.