Бишкекте 26-июнда ЕврАзЭШтин Парламенттер аралык ассамблеясынын Агрардык өнөр жай саясаты, жаратылышты пайдалануу жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын жыйыны болду.
Анда ЕврАзЭШке мүчө өлкөлөрдүн, анын ичинде Беларусь, Казакстан, Тажикстан жана Орусиянын парламентчилери экологиялык коопсуздук жаатындагы ЕврАзЭШке мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча сунуштамалар долбоору каралды.
Аталган комиссиянын мүчөсү, депутат Эсенгул Исаков каралып жаткан мыйзам долбоорлорунун зарылдыгына токтолду.
“Жыйындын катышуучулары экологиялык маселелерди чечүү үчүн жагымдуу мыйзам базасын түзүү жаатында Кыргыз Республикасынын алдыңкы көз караштарын баса белгилешти. КМШ өлкөлөрүнүн депутаттары Жогорку Кеңеш тарабынан “Кыргыз Республикасынын аймагына курамында гендик-модификацияланган организмдер бар продукцияларды өстүрүүгө, өндүрүүгө, ташып келүүгө жана сатууга тыюу салуу жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышын мисалга тартты”,- дейт Исаков.
Жыйында химиялык коркунучтуу объектилер жайгашкан аймактарда химиялык коопсуздукту санитардык-эпидемиологиялык жактан камсыздоо боюнча жана бир катар сунуштамалар кабыл алынды.