Жылнаама, 28-июнь: Мындан 23 жыл мурун сталиндик заманда репрессияланган кыргызстандыктар Чоң-Таш айылында атылгандыгы белгилүү болгон

* Мындан 23 жыл мурун, 1991-жылы Кыргызстандын күч органдары сталиндик заманда репрессияланган инсандар Чоң-Таш айылында атылгандыгын билдиришкен. Чоң-Таш айылынын тургуну Бүбүра Кыдыралиева мындагы эс алуу үйүнүн күзөтчүсү болуп иштеген атасы өлөр алдында бейтааныш адамдардын 1938-жылы атылгандыгын айтканын кабарлаган. Кийинки казуулар көрсөткөндөй, мында кыргыз мамлекетинин башатында турган Жусуп Абдрахманов, Иманаалы Айдарбеков, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Кожокан Шоруков, Эркинбек Эсенаманов сыяктуу көрүнүктүү инсандар атылгандыгы белгилүү болгон.
 
* Мындан 18 жыл мурун, 1996-жылы Абу-Салим түрмөсүндө көтөрүлүш чыккан. Көтөрүлүшчүлөр бийликтен түрмөнүн абалын жакшыртууну талап кылышкан жана көтөрүлүш учурунда көзөмөл кызматчысын барымтага алышкан. Ошондон улам бийлик 1300 адамды атууга буюрган. 
 
* Мындан 81 жыл мурун, 1933-жылы Москвада цыгандарды массалык түрдө камакка алуу жана мамлекеттен көчүрүү операциясы башталган (жалпысынан 5470 цыган депортацияланган).
28-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
33SUUN
2014-06-27 20:54:19
1991-жылы Борис Ельциндин заманынын сону эмес беле?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан