Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-июнда кыргызстандыктарды Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:
“Урматтуу мекендештер! Кыргызстандын мусулмандары!
Бардыгыңыздарды ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктайм! Орозону ар бир мусулман үмүт, жакшы тилек менен күтөт. Жаратканга тобо келтирип, тазаланууга, жакшылыкка, кайрымдуулукка умтулат.
Ылайым жакшы тилектериңер, асыл максаттарыңар кабыл болсун! Кыргызстаныбызда тынчтык, бейпилдик орноп, Жараткан элибизге ыйман, ынтымак, сабырдуулук берсин!
Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакубат турмуш каалайм. Ар бир үй-бүлөдө ырыскы уялап, Кыргызстаныбыз гүлдөп-өнүгө берсин!"