Неймар Дүйнө чемпиондугунда ич кийимди жарнамалагандыгы үчүн айып пул төлөшү мүмкүн

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Бразилиянын футболдук курама командасынын чабуулчусу Неймарды ич кийимди жарнамалагандыгы үчүн айыпка жыгышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Бразилия-Камерун командаларынын оюну учурунда Коммерциялык текшерүү департаментинин өкүлдөрүнүн көзү Неймардын ич кийимине түшкөн. Оюнчу өнөктөшү менен футболкасын алмаштырып жатканда анын ич кийиминин ычкырындагы ФИФА менен расмий түрдө иштешпеген компаниянын логотиби көрүнүп калган. Дүйнө чемпиондугунун шарты боюнча, турнир учурунда башка компанияларды жарнамалоого тыюу салынат. 

Эске салсак, "Евро-2012" чемпиондугунда Даниянын курама командасынын оюнчусу ич кийимди жарнамалаганы үчүн 100 миң евро айып пул төлөгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aibek-312
2014-06-27 16:15:11
Tui ata
0
malik.87kg
2014-06-27 20:40:53
Ни понил
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан