Филиппинде өлүм алдында жаткан жигит ооруканадан үйлөнүү салтанатын өткөрүп, 10 сааттан соң каза тапты

18-июнда Филиппинде өлүм алдында жаткан жигит ооруканадан үйлөнүү салтанатын өткөрүп, никеге турду. Ага эки жаштын жакындары катышып, көз жашын тыя албай турушту. Алардын үйлөнүү салтанаты учурундагы видео жигиттин агасы тарабынан социалдык тармактарга жайгаштырылып, аны бир нече күндүн ичинде эле  5 миллиондон ашык адам көргөн. Учурда бул видео кароо жагынан рекорддук көрсөткүч жаратууда. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, рак оорусу менен алышып келген Роуден Го ооруканадан сүйүктүүсү Лизлге сүйүүсүн билдирип, нике шакегин салды. Тилекке каршы, 10 сааттан соң жигит бул жарыкчылык менен коштошкон. Алгач эки жаш үйлөнүү тоюн 8-июлга белгилешкен. Бирок дарыгерлер Роуденден рактын оор түрүн табышып, мындан улам алар чукул арада үйлөнүүгө мажбур болушкан. Роуден менен Лизлдин 2 жаштагы кызы бар.

Колдонуучулар эки жаштын сүйүүсүнө жогорку баа берип, Лизлге көңүл айтышууда.

 

Өлүм алдында ооруканадан үйлөнүү салтанатын өткөргөн соң каза тапкан
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
windows.kg
2014-06-28 08:25:13
Мына сага чыныгы сүйүү. Бир кем дүйнө жараткан Алла ушундай адамдарга өмүр берсе экен. Бул жигитти көрүп жанагы 24 жашында 3 же 4 жолу үйлөнүп койгон балдарга жек корүп кетесиң.
+1
Kara-kulzha
2014-06-28 09:48:21
булардын эрди катындан айырмасы жок экен дагы эмнесине уйлонушту?
-3
nora00
2014-06-28 10:19:48
кайгылуу ото ,баары ыйлап жатса менинда ыйлагым келдии(
0
yasmina_kg
2014-06-28 10:23:07
Орусча айткандай гражданский никеде жашап журушкон,эми болсо закондуу куйосу болду.Кандай кайгылуу.Деги жаштар олбосо экен,ортодо суйуулору омурлору откончо очпосо экен.
0
aida2013
2014-06-28 17:50:18
коруп алып козумо жаш алдым кандай гана окунучтуу суйуунун кучу керемет кыз аябай сабырдуу экен!эч кимге мындай тагдыр жазылбасын!
0
alin09
2014-06-28 18:56:20
Коруп ыйлагым келди,суйуу денен кандай сонун сезим .
0
alin09
2014-06-28 18:57:30
Кандай гана окунучтуу.
0
Jumaakb
2014-06-29 14:03:16
ohhhh jurogum((((((((((((
0
Murok
2014-06-29 15:54:18
Жакшынакай бала экен.... Эхххх, ыйлап жатам ((((((
0
nurkasym-2014
2014-06-29 20:07:31
Аттин ай башта эле никелерин кыйып алышпаптыр да.Балалуу болгончо эмне кылып журушту дейм да.
0
youngyoung
2014-06-29 21:42:51
nurkasym-2014, Ортодо эки жашар кызы бар деп жатпайбы. Видеосундагы кичине кыз ошол окшойт го.
Кандай гана окунучтуу... Эч ким суйуктуусунон ажырабаса экен!
0
Aikoo2014
2014-06-30 00:29:58
Коруп алып ыйлап жибердим,бечара.
0
sardaralay
2014-07-03 13:20:31
Олгону жаткан адам менен эмнеге уйлонот дейм да. Кыз бираз жинди окшойт.
0
april
2014-07-18 11:30:22
кыз азамат экен, ушундай ишке барган.

0
Zamknutaya92
2015-03-31 21:04:12
Эх, кандай окунучтуу! (((
0
k.melek
2015-10-07 11:44:56
Кандай гана журокту эзген окуя.(((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан