Бүгүн, 27-июнда «Мекен ынтымагы» саясий партиясынын борбордук аппаратынан "Шайлоонун адилеттүү өтүшү үчүн коомубуз жапа тырмак шайлоого барышы абзел. Кимге гана добуш бербесин, макул, «баарына каршы» деген добушун берсин, натыйжада жарандык милдетин толук аткаруусу керек" деп билдирди.
Анда алдын ала жарандар өзүн шайлоочулардын тизмесинде бар же жок экенин тактап чыгышы керектиги, катардагы жарандарыбыз кайдыгерлик көрсөтпөй шайлоого активдүү катышса, алардын добуштарын башкалары өз кызыкчылыктарына колдонуп кете албастыгы да баса белгиленген.
"Шайлоо учурунда «жумуштар чыкты», «кол бошобой калды» сыяктуу себептер менен кайдыгерлик көрсөтө турган болсок, анда учурдагы башкаруу системине ыраазы болуп жашаганга милдеттүүбүз.
Биз кааласак, өзгөрүү болот. Биз каалабасак, эч ким келип өлкөбүздү өнүктүрүп бербейт. Шайлоону жазгы айдап-себүү мезгилиндеги урук себилүүчү бир күн десек жаңылышпайбыз. Жазда мээнет кылып урук сепсек, натыйжасын алабыз. Урук сеппесек, бүгүнкү нааразы болгон системдин уланышына макулдук берген болобуз, кайдыгерлик сепкен болобуз жана мунун натыйжасында кайдыгерликке туш болобуз.
Элибиз бийликтин булагы эл экенин дагы бир ирет эстеп, өзүнө жаккан, купулуна толгон жана аманатка так болгон жарандарын тандап, аларга ыйгарым укукту берип, аларды көзөмөлдөй билүүсү керек",- деп айтылат маалыматта.