Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы архитектура эстелигине зыян келтирүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 27-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Ленин атындагы заводдун Маданият үйүнүн жанына курулуш иштерин жүргүзүү үчүн уруксат берген. Мындан улам Маданият үйүнүн жер төлөсү зыянга учураган. Учурда “кызмат абалынан аша чабуу”, “кызматтык жасалмачылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.