Бишкек шаарынын 18 жаштагы тургунун тоногондор кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 27-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын 18 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал үч белгисиз адам сабап, уюлдук телефонун, жеке буюмдарын тартып алганын айткан. Бул боюнча көрүлгөн иш-чаралардын негизинде кылмышка шектүү катары 20 жаштагы Урматбек, Бактияр, Нуралы кармалды. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.