Жогорку Кеңештин делегациясы Азербайжанга иш сапары менен барат

Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган делегация 28-июндан 2-июлга чейин Баку шаарында өтө турган Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Парламенттик ассамблеясынын XXIII ар жылдык сессиясына катышат. Муну бүгүн, 27-июнда ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Сессиянын алкагында ЕККУга мүчө өлкөлөрдүн парламентчилери үч комитеттин жалпы резолюциясын, ал документтин кошумча пункттары менен киргизиле турган түзөтүүлөрдү талкуулайт. Биргелешкен иш жыйынтыгында ЕККУ аймагынан келген 323 парламентчи саясат, экономика, айлана-чөйрөнү жана адам укуктарын коргоо жаатындагы сунуштамалар камтылган Бакы декларациясын кабыл алууну пландаштырууда.

Сессияда кыргыз парламентинин делегациясы ЕККУ ПА жыйынына, саясий маселелер жана коопсуздук боюнча, экономикалык, илим, технологиялар жана айлана-чөйрө боюнча, демократия, адам укуктары жана гуманитардык маселелер боюнча жалпы комитеттердин ишине катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан