Орусияда “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалды. Алардын бири 22 жаштагы Кыргызстандын жараны болгон. Бул тууралуу орусиялык басылмалар бүгүн, 27-июнда билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалган жаран аталган уюмга жаңы мүчөлөрдү тартуу менен бирге үгүттөө иш-чараларын жүргүзүп келген. Сот аны 7-августка чейин камакка алды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.