Кытайдын интернет-дүкөндөрүндө Уругвай курама командасынын чабуулчусу Луис Суарестин кейпинде бөтөлкөлөрдүн капкактарын ачуучу ачкыч сатыкка чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, "Суарес" ачкычтарын 15 юандан (2,5 доллар) 10 миң юанга (1600 доллар) чейин сатып алууга болот.
Эске салсак, 24-июнда орун алган Уругвай-Италия беттешинде Луис Суарес Жоржо Кьеллининин ийининен тиштеп алган. ФИФАнын Дисциплинардык комитети атаандашын оюн учурунда тиштегендиги үчүн аны күнөөлүү деп таап, ага 4 ай футбол ойноого тыюу салган.
Суарес болсо “Мындай нерселер айып аянтчаларында болуп турат. Биз ийиндерибиз менен түртүшүп, позиция ээлөө үчүн күрөшүп жатканбыз. Мени атаандашым көзгө чаап жиберди” деп сылык гана жооп кайтарган.
Кошумчалай кетсек, Суарес майданда үчүнчү ирет өз атаандашын тиштеп жатат. “Аякстын” курамында мындай эреже бузганда 8 оюнга, “Ливерпулдун” курамында кылганда 10 оюнга майдандан четтетилген.