Бишкектеги "Тазалык" ишканасынын жетекчиси Азиз Асанбаев иштен кетүү тууралуу арызын жазды

Бүгүн, 27-июнда Бишкек мэриясына караштуу “Тазалык” ишканасынын жетекчиси Азиз Асанбаев иштен кетүү тууралуу арызын жазды. Муну мэриянын басма сөз кызматынын өкүлү билдирди.

Ишкананын жамааты бүгүн мэриянын алдына Азиз Асанбаевге кызматтан кетүү талабын коюп, митингге чыгышкан болчу. Учурда кызматкерлер өз иштерин улантып жатканы айтылды.

Эскерте кетсек, Азиз Асанбаев 2009-2010-жылдары да бул кызматты жетектеп, 7-Апрель окуясынан соң жумуштан бошотулган. Үстүбүздөгү жылдын 24-июнунда кайрадан ишкананын жетекчиси болуп дайындалган эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан