Бишкекте 23 адам тамак-ашка ууланды

Бишкектеги "Мансур" кафесинен тамактанган 23 адам тамак-ашка ууланды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда Бишкек шаардык санэпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамактануу гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Мухаммад Мурзашев маалымат каражаттарына билдирген.

Анын айтымында, борбордогу компаниялардын 20 кызматкери бул кафеден салат жана ысык тамак буйрутма кылышкан. Айрымдары бул тамактан жакындарына да ооз тийгизишкен. Бир нече убакыттан кийин алар өздөрүн жаман сезип, четинен ооруканага кайрыла башташкан.

Санэпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери аталган кафени текшерүүгө алып, бир нече тазалык эрежелеринин бузулушун аныкташкан. Кафенин көпчүлүк кызматкерлери медициналык текшерүүдөн өтүшпөгөнү жана 8 адамдын санитардык китепчелери жок экени маалым болгон. Учурда кафеден алынган азыктар текшерүүдөн өткөрүлүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
erikkarakulja
2014-06-28 12:59:02
Буга чейин эле текшерсе болмок ,акчасын алып алып жургонда.
+2
kamarik
2014-06-28 15:02:12
Ошо кафени подстава
+1
gulperi.kg
2014-06-28 16:06:05
Текшерип турушпайбы алдын алып.
0
sumaia.kg.kg
2014-06-29 10:06:55
бизде алдын ала текшеруу деген жок бироо бирнерсе болгондон кийин анан текшерип калышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан