Чүй өрөөнү сугат суунун тартыштыгынан жабыркап, эгин талаалары өз маалында сугарылбай калууда. Мындай маалыматты бүгүн, 28-июнда Айыл жана суу чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Чу дарыясындагы бассейндин чыгыш бөлүгүндө 43-52 пайыз гана суу бар. Мындан улам эгин талааларына суу жетишпейт жатат.
Аталган агенттик 1-апрелден 20-июнга чейин суунун көлөмүн текшерип турган. Жыйынтыгында Чу дарыясындагы бассейндерде, Чүй-Кочкор - 50, Чоң-Кемин - 52, Кегети - 43, Аламүдүн - 83, Ала-Арча - 96, Сокулук - 92, Ак-Суу - 78, Кара-Балтада 77 пайыз суу бар экендиги аныкталган.