Чүй облусундагы кургак учукка каршы оорукананын эски имаратынын чатыры күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда 15 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте 4, Чүй облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 1, Ош облусунда 3, Баткен облусунда 1, Ысык-Көлдө 1 өрт кырсыгы катталган.

Маалыматта айтылгандай, Бишкектин Чолпон-Ата көчөсүндөгү 200 чарчы метр жердеги кургак чөп күйүп кеткен. Ал эми Чүй облусунун Москва районундагы кургак учукка каршы оорукананын эски имаратынан өрт чыгып, анын 120 чарчы метр чатырын кызыл жалын жалмаган. Ноокен районунда болсо ГАЗ-53 үлгүсүндөгү унаанын салону күйүп кеткен. Учурда катталган өрт кырсыктарынын келип чыгуу себептери аныкталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан