ӨКМнын Куткаруу кызматынын кызматкерлери тарабынан Бишкектеги Пионер көлмөсүнө чөгүп бара жаткан киши куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 14:15 чамасында куткаруучуларга көлмөгө адам чөгүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өз убагында чара көргөн кызматчылар чөгүп бара жаткан Арча-Бешик конушунун 40 жаштагы тургуну М.Үсөнбаевди куткарып, алгачкы жардамды көрсөтүшкөн.