Ысык-Көл облусунда катталган жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 4 адам жабыркады

Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында кечээ, 27-июнь күнү саат 17:00 чамасында Балыкчы-Каракол унаа жолунун 36-чакырымында мамлекеттик Ленд Ровер жана Ниссан Микра үлгүсүндөгү унаалар кагышып, анын кесепетинен 1 адам каза таап, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге ӨКМнын куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми каза болгон адамдын денесин милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан