Талас облусунун Талас районундагы Чат-Базар айыл аймагында бүгүн, 28-июнда саат 00:44 чамасында жол кырсыгы каталды. Анда Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, мечиттин дубалын сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болуп, 3 адам жабыркаган. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге ӨКМнын куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, алгачкы жардамдарды көрсөтүшкөн.