Жылнаама, 29-июнь: Мындан 56 жыл мурун Бразилия алгачкы жолу футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун жеңип алган

* Мындан 56 жыл мурун, 1958-жылы Бразилия алгачкы жолу футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун жеңип алган. Бразилиядагы Футбол конфедерациясынын алдындагы футболдук курама 1923-жылдан бери ФИФАга мүчө болуп келет. Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тарыхында Бразилия курамасы эң ийгиликтүү деп саналат. Алар 1962-жылы, 1970-жылы, 1994-жылы жана 2002-жылы болуп өткөн Дүйнө чемпиондугун утуп алышкан. Бразилия бардык Дүйнө чемпиондуктарына катышып келген. Өздүк тарыхында биринчи жолу футбол талаасында 1914-жылы Аргентина менен кез келип, 3:0 эсебинде утулуп калган. Эң ири утуш деп 1975-жылы көрсөткөн оюну эсептелет. Анда Никарагуаны 14:0 эсебинде жеңген. Ал эми ири жеңилүү ызасын 1920-жылы Уругвай менен болгон беттеште тарткан. Бразилия 6:0 эсеби менен утулган. Бүгүнкү күндө Бразилияда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу өтүүдө.
* Мындан 4 жыл мурун, 2010-жылы 27-июнда өткөн референдумдун жыйынтыгы чыгарылган. БШКнын маалыматы боюнча, ага шайлоочулардын 69 пайызы катышып, добуш бергендердин 90 пайызы жаңы Баш мыйзамга макулдугун билдирген.
* Мындан 11 жыл мурун, 2003-жылы “Оскарга” 12 жолу талапкер болуп, 4 жолу жеңишке жетишкен америкалык актриса Кэтрин Хепбёрн 96 жашында көз жумган.
 
29-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан