Американын жеңил атлетика боюнча белгилүү спортчусу Алисия Монтано 8 айлык боюнда бар экенине карабай 800 метр аралыкка чуркады. Катышуучулардын аягында келсе да аны көрүүчүлөр өзгөчө кол чабуулар менен тосуп алышты. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Алисия Монтано 800 метр аралыкты 2 мүнөт 32,13 секундда чуркап өткөн. Жыйынтыгында ал жеңүүчүдөн 35 секундга артта калып калган. "Мен чуркаганда өзүмдү жакшы эле сездим. Эч кандай коркуу сезими болгон жок. Айымдар боюнда бар кезде деле чуркап турушса болот",- дейт спортчу.
Белгилей кетсек, Монтано АКШнын жеңил атлетика боюнча 5 жолку чемпиону. Анын рекорддук көрсөткүчү 1 мүнөт 57,37 секундду түзгөн. 28 жаштагы жөө күлүк боюнда бар экенин билсе да спорттон баш тартпай келет.