Бишкекте 1-ноябрь күнү саат 9:00 чамасында Мерседес Бенц автоунаасынын айдоочусу Айылдык көчөсү менен түндүк багытты көздөй артка жыла бергенде жөө жүрүүчүнү - 2 жашар кызды сүзүп кеткен. Натыйжада жабырлануучу башы жарылып, мээси чайкалып ооруканага жеткирилген. Бул факты боюнча иликтөө иштери башталганын Бишкек ШИИБи маалымдайт.