Жылнаама, 30-июнь: Мындан 51 жыл мурун Фрунзе шаарында Комволдук-кездеме комбинатынын биринчи өндүрүш ишканасы ишке киргизилген

* Мындан 5 жыл мурун, 2009-жылы Парижден Йеменди көздөй сапар тарткан А 310 учагы Комор аралдарына конорго бир нече мүнөт калганда Инд океанына кулап түшкөн. Жыйынтыгында борттогу 153 адамдан (142 жүргүнчү жана экипаждын 11 мүчөсү) жалгыз 14 жаштагы кыз аман калган.
* Мындан 48 жыл мурун, 1966-жылы америкалык мушкер, оор салмакта 2 жол­ку Дүйнө чемпиону Майк Тайсон Нью-Йорк шаарында туулган. Майк Тайсон 1978-жылы 12 жашында легендарлуу мушкер Мухаммед Али менен жолугушкан соң бокс менен машыгуу тууралуу ойлоно баштаган. 1981-жылы 15 жашында “боксту сүйүүчүлөр” рингинде 25ке жакын беттеш өткөрүп, анын 6сында жеңилүүгө дуушар болгон. 1986-жылы 22-ноябрда Майк Тайсон бокстун тарыхында эң жаш Дүйнө чемпиону аталган. Майк Тайсон 1995-жылы 25-мартта ислам динин кабыл алган.
* Мындан 51 жыл мурун, 1963-жылы Фрунзе шаарында Комволдук-кездеме комбинатынын биринчи өндүрүш ишканасы ишке киргизилген. Комбинатта башында жүздөгөн кыргызстандыктар эмгектенишип, алар үчүн айлык акыдан тышкары социалдык жеңилдиктер каралган.
30-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан