Токтогул районундагы жол кырсыгынан 3 адам каза тапты

Токтогул районундагы жол кырсыгынан 3 адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 30-июнда билдирди.

Маалыматтарга караганда, Токтогул районунда 2014-жылдын 29-июнь күнү саат 12:53 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 225-чакырымында Мерседес үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калгандыгынан автоунаа оодарылып кеткен.

Жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам каза болгон. Ал жерге КРнын ӨКМнын Токтогул райондук №97-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин автоунаанын ичинен чыгарып беришкен.

Каза болгондордун жансыз денелери жолоочу автоунаалардын жардамында Токтогул райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жерине жеткирилген.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Chon-Alai-kg0101
2014-06-30 09:19:46
Кудай сактасын ушундай боодо кырсыктан.Каза болгон адамдардын ким экендиги тактала элекго э?
0
beka88
2014-06-30 09:47:30
эх эх кырсык, азыр коркуп турам ош бишкек жолдо такси кылганды эстеп.
0
aida2013
2014-06-30 11:28:58
кудай сакта!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан