Чаткалда мектептин бүтүрүүчүлөрү эс алып жүрүшүп, бир тууган эки бүтүрүүчү көлгө чөгүп кетти. Окуя
Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагындагы Айгыр-Жал айылында катталган.Маалым болгондой, 2014-жылдын 28-июнунда аталган айылдагы Исмаил уулу Матиш атындагы орто мектептин 10 бүтүрүүчүсү (6 кыз, 4 эркек) ушул эле айыл аймактагы Ак-Көл көлүнө эс алууга барышкан.
Ушул эле күнү саат 16:30 чамасында алардын ичинен бешөөсү сууга чөгө баштаган.
Алдын ала алынган маалымат боюнча, ошол жерде эс алып жүргөн Каныш-Кыя айылынын тургуну Жумадил Арыкбаев достору менен 3 адамды куткарып калышкан. Ал эми бир туугандар 1996-жылы туулган Наргиза Байысбекова менен 1995-жылы туулган Азат Байысбеков сууга чөгүп кетишкен.
Кырсык болгон жерге ӨКМнын Чаткал райондук бөлүмүнүн башчысы, Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы жана башка тиешелүү кызматкерлерден турган ыкчам топ барышкан.
Саат 17:30 чамасында чөгүп кеткендердин денесин Жумадил Арыкбаев достору менен биргеликте суудан таап чыгышкан. Каза болгондордун денеси райондук оорукананын өлүкканасына жеткирилип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.