10 күндөн бери дайынсыз жоголуп жаткан жарандардын денеси жана алардын унаасы Чоң Чүй каналынан табылды

10 күндөн бери дайынсыз жоголуп жаткан жарандардын денеси жана алар айдап жүргөн унаа Чоң Чүй каналынан табылды. Бул боюнча ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 30-июнда кабарлады.

Маалым болгондой, 1995-жылы туулган А.А. жана 1989-жылы туулган С.А. аттуу жарандар 19-июндан бери дайынсыз жоголуп, туугандары аларды издөө иштерин башташкан. Күбөлөр жоголгондор акыркы жолу Чоң Чүй каналынын боюнда болгондугун айтышкан.

29-июнда дайынсыз жоголгон жарандардын туугандары А.А. жана С.А. түшүп жүргөн автоунааны Чоң Чүй каналынан көрүшүп, Куткаруу кызматына кайрылышкан. Көрүлгөн аракеттердин жыйынтыгында куткаруучулар жансыз денелерди алып чыгышып, туугандарына өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
shutUP
2014-06-30 11:24:02
Чоң Чүй каналы эмес эле,акыркы убакта Чоң Өлүк Каналы болуп калды го. . .
-3
beka88
2014-06-30 11:42:49
бчк канча жанды алганга себеп болду
-2
Beka.Alay
2014-06-30 14:41:22
Бул жерде канал куноолу эмес да айдоочулар оздору куноолу болуп жатпайбы,же эмне канал келгиле мага мен силерди чоктуройун демек беле бир аз ойлонуп анан жазсанар жазат десе эле жаза бербей
+7
Bekish-kg
2014-06-30 23:00:13
эмне эле болуп бара жатабыз тообо.бири бирин бычактап.чоктуруп.зордоп.Кыргызстан эмнеге айланып бара жатат озу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан