Бишкекте 18-январда “Аль-Хаят” сүрөт галереясында сүрөтчү Бектен Усубалиевдин “Жан дүйнөм ырдайт” аттуу көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу "Кыргызпатент" мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Белгилүү болгондой, аталган көргөзмө 9-февралга чейин уланат. “Анын чыгармачылык изилдөөсү замандаштарынын портреттеринен, пейзаждык, тематикалык иштерден жана натюрморт жанрындагы тартылган сүрөттөрдөн куралган”,- деп белгилейт "Кыргызпатент" кызматы.